Ташиев транспорт министрине түнү менен көпүрө оңдоону тапшырды. Видео

УКМК башчысы ошондой эле айылдагы таза суу, транспорт жана бала бакча маселеси чечилерин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев транспорт министрине Заречная айылында бузулуп калган көпүрөнү бир түндө оңдоп бүтүрүүнү тапшырды.е
Ал бүгүн Таш-Дөбө айлынын тургундарынан кабар алганы баратып, көпүрөнүн абалы үчүн транспорт министрин катуу урушканын билдирди.
"Бүгүн бүтүрөсүң, бүтүрбөсөң өлөсүң, келип түнү менен жатасың дедим. Ишенбесеңер түндө барып карагыла, министр ошол жерге жатат", — деди элге Ташиев.
УКМК башчысы ошондой эле айылдагы таза суу, транспорт жана бала бакча маселеси чечилерин айтып, мындай иштер мамлекетти тоногон чиновниктер азайганынан жасалып жатканын белгиледи.
"Мамлекеттин чөнтөгүнө бирөө колун салып көрсүн, колун кесип салабыз! Азыр чиновник уурдап жегенден коркот. Мыйзамдарга өзгөртүү киргизип жатабыз, буюрса, январга чейин кабыл алынып калат. Анда коррупция, пара, кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалангандар сөзсүз түрдө камалары каралган", — деди УКМК төрагасы.
Бишкектеги "Сельмаш" стадиону жана бассейни мэрияга кайтарылды