УКМК: ишкер Имамидин Ташов өзүнө кол салып, меджардам көрсөтүлдү. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Абакта кармалып турган ишкер Имамидин Ташов өзүнө кол салып, ага учурунда медициналык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу УКМК тараткан маалыматта айтылат.
Билдирүүдө ал ичин кесип салганы 30-октябрда эртең мененки кыдырууда белгилүү болгону айтылат. Ошондой эле бул нерсе коомчулуктун назарын бурдуруу үчүн жасалганы белгиленди.
"Тез жардам келгиче УКМКнын тергөө абагындагы медиктер биринчи жардам көрсөттү. Тез жардам келгенден кийин Ташов 4-шаардык ооруканага жеткирилди. Ал учурда шектүүнүн абалы туруктуу болуп калган. Камералашынын сөзүнө ылайык, шектүү устаранын лезвиесин катып жүргөн. Маалыматтар боюнча, ал туугандары менен келишип алып, атайын ушундай кадамга барган", — деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле Ташов кыйноого кабылганы боюнча маалымат чындыкка дал келбей турганы, муну мекемедеги камералар тастыктаганы белгиленген. Ошондой эле Ташов Кыйноого каршы улуттук борбордун кызматкерлери менен сүйлөшүүдөн баш тартып койгону кошумчаланды.
Имамидин Ташов бийликти күч менен басып алууга даярдык көрдү деген шек менен 22-апрелде кыргыз-казак чек арасынан мыйзамсыз өткөндөн кийин кармалган.
Учурда шектүү Жаза аткаруу кызматынан №1 тергөө абагына которулду.
Таш-Көмүр шаардык кеңешинин вице-спикери кайрадан акча опузалап кармалды