БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Кыргыз милициясынын 100 жылдыгына карата "Ала-Тоо" аянтында тартип сакчыларынын сейрек кездешүүчү унаалары көргөзмөгө коюлду.
1-ноябрда ички иштер органдарынын күнүнө карата аянтта парад өтөт.
Көргөзмөгө "Москвич", "Волга", "РАФ", "Нива" жана башка машиналар коюлган. Алар советтик милициянын автолорунун түсүнө боёлгон.
Кечээ Таласта жергиликтүү күч түзүмдөрүнүн биринчи "Москвичи" калыбына келтирилгени белгилүү болду. Район 1971-жылы кызматтык машина алган. Оңдоодон кийин ал парадга катышуу үчүн борборго жөнөтүлгөн.