Өлкөдө инфузиялык эритме менен ампуладагы инъекция чыгарган завод ачылды

Sputnik
БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун колдоосу менен инфузиялык эритмелер жана ампуладагы инъекцияларды чыгарган биринчи завод ачылды. Бул тууралуу аталган фонддон билдиришти.
Маалыматка ылайык, ишкана жылына 18 миллион флакон жана 5,7 миллион ампула өндүрө алат. Муну менен Кыргызстандын инфузиялык эритмелерге жана ампуладагы инъекцияларга болгон муктаждыгы камсыздалмакчы.
1 / 3

Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун колдоосу менен инфузиялык эритмелер жана ампуладагы инъекцияларды чыгарган биринчи завод ачылды

2 / 3

Маалыматка ылайык, ишкана жылына 18 миллион флакон жана 5,7 миллион ампула өндүрө алат

3 / 3

Муну менен Кыргызстандын инфузиялык эритмелерге жана ампуладагы инъекцияларга болгон муктаждыгы камсыздалмакчы

"Заводдун ачылышы өлкөнүн фармацевтика тармагын өнүктүрүүдөгү олуттуу кадам болуп саналат. РКӨФ каржылап эле тим болбостон, заводду долбоорлоо стадиясында олуттуу техникалык жардам көрсөттү, бул эл аралык стандарттарга жооп берген заманбап өндүрүштү түзүүгө мүмкүндүк берди", — деди РКӨФ төрагасы Артем Новиков.
Фонд заводдун ачылышына 7,7 млн доллар бөлгөн.
ЕАЭБде транспорттук чөйрөдөгү "кууш коридорлорду" кеңейтүү пландалууда