БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Борбор калаадагы "Сельмаш" стадиону жана бассейни мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка ылайык, объектилер учурунда мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен.
"Стадион менен бассейн Фучик атындагы парктын аймагында жайгашып, социалдык объект болгон. Аларды Фрунзе заводунун жумушчулары пайдалангандыктан "Сельмаш" деп аталып калган. Менчиктештирүүнүн жүрүшүндө стадионго жана бассейнге жеке менчик укугун тастыктаган документ жасалган. Бул боюнча иш козголуп, комитеттин кызматкерлери сотко кайрылган. Соттун чечими менен 1,08 миллиард сомдук объектилер 3,6 гектар жери менен мамлекетке кайтарылды", — деп айтылат маалыматта.
Мындан ары кайтарылган социалдык объектилер Бишкектин тургундарынын жана конокторунун кызыкчылыгына гана пайдаланылары белгиленди.