Радио

Жумалиев: Бишкектеги бак-дарактын 30%ын алып, ордуна көчөт отургузуу керек

Бишкек шаарынын "Жашылдандыруу-курулуш" муниципалдык ишканасынын маркетинг, сатуу жана инвестиция тартуу бөлүмүнүн башчысы Жаныбек Жумалиев борбордогу бактардын басымдуу бөлүгү 1960-1970-жылдары тигилгенин айтты.
Sputnik
Бишкекте бактар карыды, ошондуктан шамал болсо кулаган учурлар көбөйдү. Бул тууралуу Жаныбек Жумалиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бат карыган дарактарды да башка бактарга алмаштыруу аракети көрүлүүдө.
"Бишкек союз убагында эң жашыл шаарлардын тизмесинде болчу. Тилекке каршы, азыр андай эмес. Мунун бир нече себеби бар, алардын бири — курулуш иштерине байланыштуу дарактардын кыркылышы. Ошондой эле Бишкектеги бактардын көбү карыды. Басымдуу бөлүгү 1960-1970-жылдары тигилген, жашоо мөөнөтү бүтүп калды. Учурда Бишкектеги бактардын 30 пайызын кыркып, тазалап, алмаштыруу керек", — деди Жумалиев.
Ошондой эле ал азыр кыркыла турган дарактардын ордуна кандай бак тигилерин окумуштуулар талкуулап жатканын кошумчалады.