БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Кыргызстандын башкы прокурору Максат Асаналиев Москва шаарында РФ Жогорку сотунун милдетин аткаруучу Петр Серков жана юстиция министри Константин Чуйченко менен жолукту. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Сүйлөшүнүн жүрүшүндө 1998-жылы кабыл алынган "Кылмышкерлерди өткөрүп берүү" тууралуу КМШ конвенциясынын жоболорун ишке ашыруу талкууланган. Россияда жаза өтөп жаткан Кыргызстандын жарандарынын санынын көбөйүшүнө өзгөчө көңүл бурулган. Маалыматка караганда, учурда бул көрсөткүч 1 370 кишини түзөт.
"Серков менен болгон жолугушууда жаза өтөп жаткан кыргыз жарандарынын укуктарын коргоо жана аларды мекенине өткөрүп берүү процессиндеги координацияны күчөтүү зарылдыгы белгиленди. Асаналиев Жогорку соттун мыйзамдуулукту жана коомдук тартипти бекемдөөдөгү маанилүү ролун белгиледи", — деп айтылат маалыматта.
Ал эми Чуйченко менен жолугушууда тараптар жаза өтөп жаткан кыргыз жарандарын Кыргызстанга өткөрүп берүүдөгү оң жылыштарды белгилешкен.
"2024-жылдын башынан тартып 77 жаран өткөрүп берилсе, дагы 56 жаранды этап менен өткөрүү процесси жүрүүдө. Процессти оптималдаштыруу максатында документтерди өткөрүп берүү мөөнөтүн кыскартуу жана мекемелердин ортосундагы кызматташууну жакшыртуу боюнча конкреттүү чаралар талкууланды", — деди Башкы прокуратура.
Жолугушуулардын жыйынтыгында Россиянын Юстиция министрлиги менен өз ара түшүнүшүү боюнча меморандумга кол коюлган.