31-октябрга карата аба ырайы

31-октябрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. 31-октябрда күн ачык болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүй, Баткенде +12...+17, Талас аймагында +11...+16, Ош, Жалал-Абад облустарында +13...+18, Ысык-Көл өрөөнүндө +6...+11, Нарын жергесинде +5...+10 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаада жана Ош шаарында +11...+16 градуска чейин көтөрүлөт.
Радио
Жумалиев: Бишкектеги бак-дарактын 30%ын алып, ордуна көчөт отургузуу керек