Журналисттер союзу коомдук бирикмесинин төрагасы 30 жылда биринчи ирет алмашты. Реформа эмнеден башталат?

Sputnik
Өлкө эгемендүүлүк алганы бир топ коомдук бирикмелер абалкы күчүн жоготуп, ордуна бейөкмөт уюмдар келе баштаган. Былтыртан баштап мындай бирикмелерге кайрадан көңүл бурулуп, Жазуучулар союзу, Сүрөтчүлөр союзу, Композиторлор союзу өз иштерин жандантып, мамлекет тарабынан каражат каралып, кызыктыруучу сынактар уюштурула баштады. Булардын катарын эми Журналисттер союзу толуктаганы турат. Анткени, 30 жыл жетекчилиги алмашпаган уюмга жаңы төрага келип, билек түрө ишке киришкен учуру. Албетте, журналистика бул искусство багытындагы ишмердүүлүк эмес. Ошентсе да башын бириктирип бир аянтча түзүп бера ала турган Союздун мындан аркы пландары кандай болот? А дегенде эле өлкөдө сөз эркиндиги сакталабы?
Муну менен катар журналисттер коомунда мекенчилдик сезими кандай болушу керек, деген соболдорду таштап, бүгүнкү “Кеменгер” программасына Журналисттер союзунун төрагасы Илиязбек Балташевди чакырдык.