Спирометрия - дем алуунун көлөмүн жана ылдамдыгын өлчөөнү камтыган тышкы дем алуу функциясын изилдөө ыкмасы. Ал астма, бронхиалдык астма, бронхит, өпкөнүн өнөкөт обструктивдүү оорусун аныктоодо ошондой эле башка медициналык ооруларда дем алууну текшерүү үчүн колдонулат. Эркек менен аялдын дем алуусунда айырмачылык бар. Мисалы, эркек киши 6 литр абаны дем алып, кайра чыгарса, аял киши 3 литр дем алат. Өпкө оорусуна чылым тартуу, абанын булганышы, чаң жерде иштөө себеп болушу мүмкүн.
Дени чың адамдар жылына бир өпкөсүн текшертип туурусу керектигин өпкө функциясын изилдөө боюнча адис Тахмина Дурсунова айтып берди.