БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. ЕАЭБде транспорттук чөйрөдөгү "кууш коридорлорду" кеңейтүү пландалууда. Бул тууралуу ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура министри Арзыбек Кожошев билдирген.
Анын айтымында, ЕАЭБ 2024-2026-жылдарга карата комплекстүү планды ишке ашырууда. Жол картасы 33 пунктудан турат. Өкмөт башчылары анын ичинен транспорт чөйрөсүнө тиешелүү 11 долбоорду бекитишкен. Комплекстүү пландын негизги милдети — "кууш коридорлорду" кеңейтүү.
"Мисалы, товарлардын ири агымы Казакстандын "Достык" темир жол пункту аркылуу өтөт. Ал жерде "кууш коридор" делген жагдай орун алган. Башкача айтканда, жүктөр аябай жай өтүүдө", — деди министр.
Ал казак тарап товардын кыймылын ылдамдатуу үчүн экинчи жолду курууну сунуштаганын кошумчалады.