БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Садыр Жапаров беш коопсуздук кызматкерин генералдык чининен ажыратты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Жогорку даражадагы наамды аларга 2020-жылы 14-октябрда Сооронбай Жээнбеков отставкасынын алдында ыйгарган.
Президенттин буйругу менен төмөнкүлөрдүн чини алынды:
милициянын генерал-майору Алмазбек Орозалиев — Бишкектин мурунку коменданты;
милициянын генерал-майору Мирлан Каниметов;
милициянын генерал-майору Малик Нурдинов;
милициянын генерал-майору Талантбек Салиев;
генерал-майор Санжарбек Эркинбаев.