Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Россиянын аскерлери ДЭРдеги стратегиялык маанилүү шаарды бошотушту

Sputnik
БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. ДЭРдин Селидово шаары бошотулганын РИА Новости Россиянын Коргоо министрлигине шилтеме берүү менен билдирди.
"Борбордук күчтөр" тобунун кошуундары менен аскердик бөлүктөрүнүн ийгиликтүү ишинин натыйжасында Донецк Элдик Республикасынын Селидово шаары толугу менен бошотулду", — деп айтылат аскердик ведомствонун билдирүүсүндө.
24 миң калкы бар бул шаар курчоого алынган болчу. Орус аскерлери алгач түштүк жана чыгыш аймактарда бекем орун алып, Украинанын Куралдуу күчтөрүн борборду көздөй сүрүшкөн.
Селидово орус аскерлери үчүн Покровскиге жол ачкан жерде жайгашкан. Мындан тышкары, РФ армиясы Украина Куралдуу күчтөрүнүн Кураховская тобунун тылына чабуул жасоого мүмкүнчүлүк алат.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ФСБ Брянскиге кирмек болгон согушкерлердин курал-жарагын көрсөттү. Видео