Израилдин бомбалоосунан Ливандын чыгышындагы элдин 60%ы качкын болду

Буга чейин куткаруу кызматы үйгө жасалган чабуулдан бир бүлөнүн 12 мүчөсү каза тапканын билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Израилдин бомбалоосунан Ливандын чыгышындагы элдин 60 пайызы үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болду. Бул тууралуу Баальбек-Хермель провинциясынын губернатору Башир Ходрдун айтканын РИА Новости жазды.
"Израилдин агрессиясынан улам Баальбек-Хермелдеги тургундардын 60 пайызы качкынга айланды", — деген Ходр.
Губернатордун айтымында, Израиль авиациясы дүйшөмбү күнү эле калктуу конуштарга 30дай сокку урган. "60тан ашуун киши көз жуумп, 100дөй адам жаракат алды", — деген Ходр.
Соккуга кабылган аймактарга куткаруучулар, тез жардам жөнөтүлгөн, адамдарды уранды алдынан алып чыгууга жергиликтүү жашоочулар да көмөктөшүп жатышат.
Буга чейин куткаруу кызматы үйгө жасалган чабуулдан бир бүлөнүн 12 мүчөсү каза тапканын билдирген эле.
Ал арада Израль парламенти өз аймагында БУУнун Жакынкы Чыгыш агенттигинин палестиналык качкындарга жардам берген ишмердүүлүгүнө тыюу салды.
БРИКС өлкөлөрүнүн башчылары Израилди согушту токтотууга чакырды