Төө-Ашуудагы жүк ташыган унааларга киргизилген чектөө алынды

Sputnik
БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Бишкек — Ош жолундагы Төө-Ашууда жүк ташыган унааларга киргизилген чектөө алынды. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жол тазаланып, туз аралаш кум себилүүдө.
"Унааларга кышкы дөңгөлөктөр салынып, айдоочунун жанында чынжырлар болушу керек. 500 метрлик аралык сакталышы зарыл", — деп айтылат билдирүүдө.
Кечээ, 28-октябрда, аба ырайына байланыштуу "Сосновка" постунда жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилген.
Мастарды айдоо укугунан ажыратуунун ордуна айып салуу сунушталды