БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Улуттук банк эсептик ченди 9 пайыз деңгээлинде калтырды. Бул тууралуу мекеме тараткан маалыматта айтылган.
Билдирүүгө ылайык, чечим 29-октябрдан тартып күчүнө кирет.
"Инфляциянын жылдык көрсөткүчү былтыркы 7,3 пайыздан 4,6 пайызга түштү. Анын түзүмүндө азык-түлүккө баалардын жылдык өсүш арымы — 2,4 пайыз, башка товарларга — 4,1 пайыз, ал эми кызмат көрсөтүүлөргө баалар 8,4 пайыз деңгээлинде түптөлгөн", — деп айтылат маалыматта.
Эсептик чен-өлчөмдү мурдагыдай калтыруу чечими өлкөдө баа туруктуулугун сактоого жана макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүүгө өбөлгө түзөрү белгиленген.
Эсептик чен-өлчөм боюнча кийинки отурум 25-ноябрда өтөрү кошумчаланды.