Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ФСБ Брянскиге кирмек болгон согушкерлердин курал-жарагын көрсөттү. Видео

Диверсанттардан чет жактан алынган курал, экипировка, байланыш каражаттары, ошондой эле алардын Батыштан келгенин тастыктаган жеке буюмдары табылган.
Sputnik
БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Россиянын Федералдык коопсуздук кызматы Брянск облусуна кирүүгө аракет кылган чет элдик жалданма согушкерлер колдонгон курал-жарак жана ок-дарыларды көрсөттү. Видеону Sputnik Ближнее зарубежье Telegram каналы жарыялаган.
Эскерте кетсек, бүгүн Брянск облусунда чек арадан өтүүгө аракет кылган диверсиялык топтун ишине бөгөт коюлду. Төрт согушкер көз жуумп, калганы артиллерия менен жок кылынган. Арасында АКШ, Польша жана Канаданын жарандары болгонун РФ ТИМинин өкүлү Мария Захарова укук коргоо органдарына таянуу менен билдирген болчу.
Анын айтымында, диверсанттардан чет жактан алынган курал, экипировка, байланыш каражаттары, ошондой эле Батыштан келгенин тастыктаган жеке буюмдары — Канаданын желеги жана поляк тилиндеги диний китеп табылган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Захарова Брянскиде жок кылынган жалданма согушкерлер тууралуу айтып берди