Депутаттар аймактарды кыдырып, шайлоочулар менен жолугушат

Sputnik
БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары аймактарды кыдырып, шайлоочулар менен жолугушат. Бул тууралуу Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин жыйынында Данияр Төлөнов билдирди.
Анын айтымында, бул — депутаттар эл менен жолугушууларга кетер алдындагы комитеттин акыркы жыйыны. Эл өкүлдөрү 11-ноябрда парламентке кайтып келишет.
4-ноябрдан 10-ноябрга чейин каникул боюнча чечим 30 же 31-октябрдагы пленардык жыйында кабыл алынышы мүмкүн.
ЖКда пенсиядагыларды тоскоолдуксуз иштен алууга укук берүү зарылдыгы айтылды