БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Брянск облусуна кирүүгө аракет кылган жалданма согушкерлердин арасында америкалыктар, поляктар жана канадалыктар болгон. Бул тууралуу РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова РИА Новости агенттигине айтып берген.
"Брянскиде жок кылынган жалданма согушкерлердин катарында АКШ, Польша жана Канаданын жарандары болгон", — деген Захарова укук коргоо органдарына таянып.
Өкүл бул алдын ала берилген маалымат экенин, ал улам толукталып турарын белгилеген.
Эскерте кетсек, бүгүн Брянск облусунда чек арадан өтүүгө аракет кылган диверсиялык топтун ишине бөгөт коюлган. Төрт согушкер көз жуумп, калганы артиллерия менен жок кылынган.
Диверсанттардан чет жактан алынган курал, экипировка, байланыш каражаттары, ошондой эле алардын Батыштан келгенин тастыктаган жеке буюмдары — Канаданын желеги жана поляк тилиндеги диний китеп табылган.
Мындан тышкары, согушкердин биринин денесинен АКШнын Кургактагы аскер күчүнүн атайын дайындоодогу чалгын бөлүгүнө караган 75-полкунун экинчи батальонунун чегилген белгиси (татуировка) аныкталганы айтылды.
Ачык маалыматтарда аталган полк атайын дайындоодогу аскерлердин элиталык бөлүгү болуп саналары белгиленген. Ал чалгын иштери үчүн, душмандын жеринде диверсия жана саботаж уюштуруу, стратегиялык маанилүү объектилерди басып алуу, ошондой эле жогорку кызматтагы адамдарды кармоо жана жок кылуу үчүн пайдаланылат. Бир батальону дайым жогорку деңгээлдеги даярдыкта турат, 18 сааттын ичинде дүйнөнүн айтылган бурчуна жөнөп кетүүгө жөндөмдүү.