30-октябрга карата аба ырайы

30-октябрда республиканын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын жаабайт, айрым жерлерде туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Шаршембиде тоо этектеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда 7…12, Талас чөлкөмүндө 6…11, Нарын өрөөнүндө 3…8, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 9…14, Ысык-Көл жеринде 5…10 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте 10…12, Ош шаарында 12…14 градусту көрсөтөт.
Жуманын башы жаанчыл болот. Бир жумага карата аба ырайы