Каржылык сабаттуулукту кайсы курактан башташ керек? — же курактын тиешеси жокпу?

Sputnik
Тиешелүү адистердин айтымында, каржылык сабаттуулук - тубаса сапат эмес. Аны ата-энелер өздөштүрүп жана балдарына сөзсүз үйрөтүшү керек болгон көндүм. Бул ийгиликтүү келечекке эң жакшы инвестиция болот. Каржылык сабаттуулук - бул акчанын иштешин, аны кантип башкарууну жана кайда инвестициялоону түшүнүү. Ал аркылуу ысырапкорчулукка жол бербестен топтоп жүргөн акчаны көбөйтсө болот. Азыркы замандын талабына ылайык, каржылык сабаттуулукту бала кезден баштоо зарыл. Технология өнүгүп, онлайн кызмат көрсөтүү учурунда балдарды финансылык билим берүү зыянын тийгизбейт.
Биз “Көз мончок” программасынын кезектеги берүүсүндө каржылык сабаттуулукту кайсы курактан баштоо керектиги тууралуу маектештик.