2025-жылы Кумтөр алтын кенинен 10 млрд 454 миллион сом киреше түшүүсү пландалууда. Бул тууралуу Парламенттин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин жыйынында 2025-жылдын бюджети каралып жатканда, финансы министри Алмаз Бакетаев айтты. Ал эми быйылкы жылдын жыйынтыгы менен 11,5 млрд сом түшүүсү күтүлүп жатат. «Кыргызалтын» мамлекеттик ишканасынын төрагасынын орун басары Канымет Токтосунов Кумтөр алтын кенинин эмки жылдагы кирешесин пландоо аягына чыга электигин, учурда пландоо жүрүп жатканын, ушул жылдын 15-декабрына чейин чыгарыларын айтты. Канымет Токтосунов жыл соңуна чейин «Кыргызалтындан» болжолдуу түрдө 11 млрд 385 миң 845 сом киреше түшүүсү күтүлүп жатканын белгиледи. «Кыргызалтын» ишканасы жыл башынан бери 101 кг алтын өндүргөн. Ал эми салык жана башка төлөмдөр аркылуу мамлекеттик бюджетке 823 миллион сом салык төлөнгөн.
ЕАЭБде транспорттук чөйрөдөгү "кууш коридорлорду" кеңейтүү пландалууда. Бул тууралуу ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура министри Арзыбек Кожошев билдирген.Анын айтымында, ЕАЭБ 2024-2026-жылдарга карата комплекстүү планды ишке ашырууда. Жол картасы 33 пунктудан турат. Өкмөт башчылары анын ичинен транспорт чөйрөсүнө тиешелүү 11 долбоорду бекитишкен. Комплекстүү пландын негизги милдети — "кууш коридорлорду" кеңейтүү."Мисалы, товарлардын ири агымы Казакстандын "Достык" темир жол пункту аркылуу өтөт. Ал жерде "кууш коридор" делген жагдай орун алган. Башкача айтканда, жүктөр аябай жай өтүүдө", — деди министр. Ал казак тарап товардын кыймылын ылдамдатуу үчүн экинчи жолду курууну сунуштаганын кошумчалады.
Аба акробатикасы боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандык спортчулар үч алтын жана үч күмүш байге багындырышты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти кабарлады.Маалыматка ылайык, мелдеш 23-27-октябрь күндөрү Швециянын Упсала шаарында өтүп, ага 27 өлкөдөн 600дөн ашуун спортчу катышкан. Анда спорттук пилон боюнча Анастасия Ференц, аба шакеги менен оюн көрсөтүүдө Бегимай Болотова жана Гүлбара Болотова алтын жеңген. Ал эми ушул эле спорттун топтук аткаруусунда Гүлбара Болотова, Бегимай Болотова, Талья Айдарова күмүш багындырган. Спортчу кыздар Яна Сивирина жана Кристина Орозумбекованын жетекчилиги алдында мелдешке катышканы айтылды.
Россиянын Федералдык коопсуздук кызматы Брянск облусуна кирүүгө аракет кылган чет элдик жалданма согушкерлер колдонгон курал-жарак жана ок-дарыларды көрсөттү. Видеону Sputnik Ближнее зарубежье Telegram каналы жарыялаган.Эскерте кетсек, бүгүн Брянск облусунда чек арадан өтүүгө аракет кылган диверсиялык топтун ишине бөгөт коюлду. Төрт согушкер көз жуумп, калганы артиллерия менен жок кылынган. Арасында АКШ, Польша жана Канаданын жарандары болгонун РФ ТИМинин өкүлү Мария Захарова укук коргоо органдарына таянуу менен билдирген болчу.Анын айтымында, диверсанттардан чет жактан алынган курал, экипировка, байланыш каражаттары, ошондой эле Батыштан келгенин тастыктаган жеке буюмдары — Канаданын желеги жана поляк тилиндеги диний китеп табылган.