Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Билим берүүнүн сапатын жана маалыматтык технологияларды баалоо боюнча улуттук борбор Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти болуп өзгөртүлдү. Башкармалыктын иши республикалык бюджеттен кошумча каражаттарды талап кылбастан, өзүн-өзү каржылоонун негизинде жүзөгө ашырылат.
Программада аталган департаменттин адиси Жаркын Ибраимова аттестация, окуучулардын билимин баалоочу тесттери, өлкөнүн жана чет мамлекеттин жогорку окуу жайларына тапшыруу, этникалык кыргыздардын окууга тапшыруудагы талаптары жана жалпы департаменттин ишмердүүлүгү тууралуу кенен айтып берди.