Борбордук шайлоо комиссиясы 17-ноябрга белгиленген жергиликтүү кеңештерге шайлоого аралыктан добуш берүү үчүн арыздарды кабыл алуу мөөнөтүн 6-ноябрга чейин узартты. Мындай чара мүмкүн болушунча көп киши аралыктан добуш берүү мүмкүндүгүн алышы үчүн көрүлүп жатканы белгиленди.Буга чейин катталган жери боюнча шайлоо участкаларында добуш бере албагандар аралыктан добуш бере алары маалымдалган.Алыстан добуш берүүгө арыз тапшыруунун жол-жобосу менен видеонускамадан таанышууга болот.
Бишкек — Ош жолундагы Төө-Ашууда жүк ташыган унааларга киргизилген чектөө алынды. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен кабарлашты.Маалыматка ылайык, жол тазаланып, туз аралаш кум себилүүдө."Унааларга кышкы дөңгөлөктөр салынып, айдоочунун жанында чынжырлар болушу керек. 500 метрлик аралык сакталышы зарыл", — деп айтылат билдирүүдө.Кечээ, 28-октябрда, аба ырайына байланыштуу "Сосновка" постунда жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилген.
Улуттук банк эсептик ченди 9 пайыз деңгээлинде калтырды. Бул тууралуу мекеме тараткан маалыматта айтылган.Билдирүүгө ылайык, чечим 29-октябрдан тартып күчүнө кирет."Инфляциянын жылдык көрсөткүчү былтыркы 7,3 пайыздан 4,6 пайызга түштү. Анын түзүмүндө азык-түлүккө баалардын жылдык өсүш арымы — 2,4 пайыз, башка товарларга — 4,1 пайыз, ал эми кызмат көрсөтүүлөргө баалар 8,4 пайыз деңгээлинде түптөлгөн", — деп айтылат маалыматта.Эсептик чен-өлчөмдү мурдагыдай калтыруу чечими өлкөдө баа туруктуулугун сактоого жана макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүүгө өбөлгө түзөрү белгиленген. Эсептик чен-өлчөм боюнча кийинки отурум 25-ноябрда өтөрү кошумчаланды.
Испания курама командасынын жарым коргоочусу Родри "Алтын топту" жеңип алды. France Football журналынын бул сыйлыгы жыл сайын мыкты оюнчуга ыйгарылат. Родри "Манчестер Сити" клубу менен Англиянын Премьер-лигасын, Испания курама командасы менен Европа биринчилигин жеңген.Аталган сыйлыкты "Реал Мадрид" клубу менен Испания биринчилигин жана Чемпиондор лигасын жеңген бразилиялык вингер Винисиус алат деп божомолдонуп жаткан. ЖМКлар Мадрид клубу "Алтын топ" башкага ыйгарыларын угуп, Париждеги сыйлык тапшыруу аземине командасы менен барбай коюуну чечкенин жазышууда.
*Израилдин бомбалоосунан Ливандын чыгышындагы элдин 60 пайызы үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болду. Бул тууралуу Баальбек-Хермель провинциясынын губернатору Башир Ходрдун айтканын РИА Новости жазды. "Израилдин агрессиясынан улам Баальбек-Хермелдеги тургундардын 60 пайызы качкынга айланды", — деген Ходр.Губернатордун айтымында, Израиль авиациясы дүйшөмбү күнү эле калктуу конуштарга 30дай сокку урган. "60тан ашуун киши көз жуумп, 100дөй адам жаракат алды", — деген Ходр.Соккуга кабылган аймактарга куткаруучулар, тез жардам жөнөтүлгөн, адамдарды уранды алдынан алып чыгууга жергиликтүү жашоочулар да көмөктөшүп жатышат.Буга чейин куткаруу кызматы үйгө жасалган чабуулдан бир бүлөнүн 12 мүчөсү каза тапканын билдирген эле. Ал арада Израль парламенти өз аймагында БУУнун Жакынкы Чыгыш агенттигинин палестиналык качкындарга жардам берген ишмердүүлүгүнө тыюу салды.