Баткен согушунун катышуучулары Орто Азияны чоң каргашадан сактап калган

Sputnik
Жыл сайын 26-октябрь күнү Баткен окуясында курман болгон жоокерлер эскерилет. «Өзбекстан ислам кыймылынын» (ӨИК) террордук согушкерлери менен Кыргызстандын аскерлеринин 1999-2000-жылдардагы кагылышуусу «Баткен согушу», «Баткен окуясы», «Баткен коогалаңы» деген аталыштар менен тарыхта калган. Кыргызстандын чек арада жашаган эли, жоокерлери бүтүндөй Орто Азияда жаралуучу кырсыктын алдын алган.
Бул тууралуу “Күн Башат” программасынын меймандары полковник Чолпонбек Буржуев жана Сатыбек Молдалиев кенен айтып берди. Баткен согушунда курман болгондордун эмгеги даңкталышы керек. Бул каргаша мамлекетке аскердин зарылдыгын, чек аранын маанисин көргөзүп койгонун офицерлер белгилешти.