Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Sputnik
Быйылкы жылдын тогуз айында ата-энеси мигрант болгон 86 миңден ашык бала аныкталып, көзөмөлгө алынды. Бул тууралуу Эмгек министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, балдар туугандарынын камкордугуна калтырылган. 72 миң баланын (83,7 пайыз) ата-энеси өлкөдөн чыгып кеткен. Тогуз ай аралыгында жалпысынан 296 миңден ашуун үй-бүлөлүк текшерүүлөр уюштурулган. Максаты — балдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук учурларын алдын алуу жана аныктоо.
Ош шаарында 30-октябрга караган түнү жылуулук бериле баштайт. Бул тууралуу калаа бийлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, мэрия жылуулук биринчи кезекте оорукана, бала бакча, мектептерге, төрөт үйлөрүнө жана социалдык коргоо мекемелерине, андан кийин турак жай, өнөр жай ишканаларына берилерин эскертти. Ошондой эле мэриянын маалыматында жылуулук берүү этап-этабы менен ишке ашып, баш-аягы 3-4 күндө шаар толук каимсыз болору айтылат.
АКШ бийлиги күткөндөй санкциялар Россиянын экономикасын Куба же Венесуэланыкы сыяктуу бүлгүнгө учурата алган жок. Президент Владимир Путин жаңы финансы системасын жана адилеттүү дүйнө тартибин жактагандардын жоон тобун айланасына топтоп жеңишке жетти. Кытай басылмасына чыккан макала тууралуу РИА Новости жазды. "Тез аранын ичиндеги реструктуризация жана өлкө экономикасынын көтөрүлүшү — чындап таң каларлык көрүнүш. Алар Россия чөгүп кетет деп ойлошту эле, бирок баары теңирден тескери болуп чыкты", — деп жазылган макалада. Автордун айтымында, Москвага каршы чектөөлөр башка мамлекеттерге да белги болуп, Вашингтон менен Брюсселдин "каары" эмнеге кептей турганын көрсөткөнү белгиленген. Эксперт, Владимир Путиндин акыры жаңы дүйнө тартиби тууралуу идеяны колдогон Индиядан тарта араб өлкөлөрүнө чейин, Африкадан Борбор Азия мамлекеттерине чейин түмөн союздаш тапканына токтолгон.
Кыргыз премьер-лигасындагы футбол командаларынын саны көбөйөт. Учурда өлкө чемпионатында 10 клуб беттештерди өткөрүп келсе, кийинки жылы Каракол жана Өзгөн шаарларынын командалары жогорку лиганы толуктайт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинин биринчи вице-президенти Нурдин Букуев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди. Анын айтымында Кыргыз футбол биримдиги алдыңкы бир-эки жылда инфратүзүмдү жакшыртууга көңүл буруп, бардык шартты түзүүгө аракет көрөт. "Учурда өлкө чемпионатында 10 клуб беттештерди өткөрүп келсе, кийинки жылы Каракол жана Өзгөн шаарларынын командалары жогорку лиганы толуктайт. Албетте, футбол адистерин даярдоо иши олуттуу жүрүп, кадр маселесине басым жасалышы абзел", — деди Букуев. Ошондой эле ал республиканын ар бир облусунда инфратүзүмдүк өзгөрүүлөр болуп, академиялардын саны көбөйөрүн кошумчалады.
Шейшембиде, өлкөнүн айрым аймактарында жамгыр, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүй жана Талас аймагында +5...+10, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +9...+14, Ысык-Көл дубанында +5...+10, Нарын өрөөнүндө +3...+8 градус жылуу болот. Күндүн табы борбор калаада +6…+8, Ош шаарында +11...+13 градуска көтөрүлөт.