БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. "Оберон" ЖЧКсынын "Дордой" жана "Орто-Сай" базарлары жери менен кошо мамлекетке алынды. Бул тууралуу УКМКдан билдиршти.
Кеп "Дордойдогу" 6,42 гектар, "Орто-Сайдагы" 1,68 гектар жер тууралуу болууда. Алар 3,9 миллиард сомго бааланган.
УКМКнын айтымында, "Оберон" ЖКЧсынын ээлери 1998-жылы аталган жерлерди ижарага убактылуу алып, кийинчерээк тиешелүү кызмат адамдары менен сүйлөшүп, менчикке өткөрүп алган.
"Бишкек шаарынын административдик жана шаардык соттору базарларды муниципалдык менчикке өткөрүп берди. Эми алардын кирешеси Бишкек шаарынын бюджетине түшүп турат", — деп айтылат маалыматта.
Базар ээлери чечимге нааразы экенин, Жогорку сотко кайрыларын билдиришкен.