Советтик жоокерлердин Украинаны гитлерчилерден толук бошотушу. Тарыхый видео

Немец оккупациясынын учурунда Украинада 10 миллиондой киши каза таап, дагы 2,5 миллион кишини нацисттер кулчулукка алып кетишкен.
Sputnik
БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Мындан туура 80 жыл мурун, 1944-жылдын 28-октябрында, советтик армия Украинаны гитлердик баскынчылардан толугу менен бошоткон. Тарыхый учурду Sputnik Ближнее зарубежье эске салып, видеосун жарыялады.
Ал жылы октябрдын аягында немецтер Закарпатьеден куулган. Бул Украина ССРинин душман басып алган акыркы аймактарынын бири эле.
Украинаны бошотууга Кызыл армиянын бардык төрт украин фронту катышкан. Аларды ар кайсы мезгилде Жуков, Малиновский, Толбухин, Ватутин жана Конев жетектеген.
Немец оккупациясынын учурунда Украинада 10 миллиондой киши каза таап, дагы 2,5 миллион кишини нацисттер кулчулукка алып кетишкен.
Республиканы бошотуу учурунда 2,6 миллион советтик жоокер көз жумган.
Ал эми азыркы тапта Украина ата-бабасынын эрдиги менен сыймыктанбастан, басып өткөн тарыхына каршы күрөшүүдө.
Днепропетровскинин гитлердик фашисттерден бошотулган күнү. Тарыхый видео