Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Россиянын Брянск облусуна чет элдик жалданма согушкерлер кирүүгө аракет кылышкан

Sputnik
БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Россиянын атайын күчтөрү Брянск облусуна кирүүгө аракет кылган чет элдик жалданма согушкерлерден турган топту жок кылды. Бул тууралуу ФСБнын маалымат кызматына шилтеме кылып РИА Новости жазды.
Билдирүүгө ылайык, кагылышуудан төрт диверсант жок кылынып, чегинип бараткан топтун калгандары ракеталык жана артиллериялык соккуга дуушар болгон.
Өлтүрүлгөн диверсанттардын жанында чет элдик курал-жарактар, жабдуулар, байланыш каражаттары, Канаданын желеги, поляк тилиндеги сыйынуу китеби жана англис тилиндеги тактикалык машыгуулар боюнча жазуулары бар дептер болгон.
Алардын биринин денесинде АКШнын кургактагы күчтөрүнүн парашюттук чалгындоо полкунун чегилген белгиси (татуировка) болгон.
Операцияны 27-октябрда Климовск районунда ФСБнын Брянск облусу боюнча чек ара башкармалыгынын кызматкерлери Куралдуу күчтөрдүн жана Росгвардиянын бөлүктөрү менен бирге жүргүзүшкөн.
РФнын тышкы иштер министри Сергей Лавров маалымат жыйынында белгилегендей, Батыштын аскерлери Украинада көптөн бери иш жүргүзүшүүдө. Бул НАТО менен Евробиримдиктин Россияга каршы гибриддик согушунун бир бөлүгү. Лавров Россиянын президенти бир нече жолу Батыштын аскер кызматкерлери, жалданма согушкерлери, ыктыярчылар жана инструкторлор Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн катарында согушуп жаткандыгы тууралуу конкреттүү далилдерди келтиргенин белгиледи. Аларсыз Батыштын айрым куралдарын колдонууга мүмкүн эместиги айтылып келет.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Элчи: Украина аскерлери Курск жашоочуларын атып жатат, ал эми Батыш унчукпай турат