ЖМК: Россиянын армиясы дүйнөдө кубаттуулугу боюнча биринчи орунда турат

Sputnik
БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Россиянын Куралдуу күчтөрү дүйнөдө эң күчтүү деп таанылган. Бул US News and World Report журналынын рейтингинде көрсөтүлгөнүн РИА Новости жазды.
Журналдын маалыматына караганда, аскердик күч боюнча экинчи орунду АКШ армиясы, үчүнчүнү Израиль армиясы ээлейт.
Дүйнөнүн эң күчтүү армияларынын ондугуна: Кытай, Түштүк Корея, Иран, Улуу Британия, Украина, Германия жана Түркия кирген.
Рейтингдин авторлору дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнүн армияларынын күчү элита жана бизнес чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү, ошондой эле жөнөкөй жарандар катышкан сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча бааланганын билдирген.
Израиль Ирандын ири чабуулуна жооп кылып, сокку урду. Эмнелер белгилүү