БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. АКШ бийлиги күткөндөй санкциялар Россиянын экономикасын Куба же Венесуэланыкы сыяктуу бүлгүнгө учурата алган жок. Президент Владимир Путин жаңы финансы системасын жана адилеттүү дүйнө тартибин жактагандардын жоон тобун айланасына топтоп жеңишке жетти. Кытайдын South China Morning Post басылмасына чыккан макала тууралуу РИА Новости жазды.
"Тез аранын ичиндеги реструктуризация жана өлкө экономикасынын көтөрүлүшү — чындап таң каларлык көрүнүш. Алар (батыш саясатчылары — ред.) Россия чөгүп кетет деп ойлошту эле, бирок баары теңирден тескери болуп чыкты", — деп жазылган материалда.
Автордун айтымында, Батыш ушу кезге чейин Куба же Венесуэладай болуп америкалык санкцияларга сынбаган Россиянын көтөрүмдүүлүгүнөн күмөн санап, ката кетиргенин мойнуна албай келет. Макалада Москвага каршы чектөөлөр башка мамлекеттерге да белги болуп, Вашингтон менен Брюсселдин "каары" эмнеге кептей турганын көрсөткөнү белгиленген. Эксперт Владимир Путин акыры жаңы дүйнө тартиби тууралуу идеяны колдогон Индиядан тарта араб өлкөлөрүнө чейин, Африкадан Борбор Азия мамлекеттерине чейин түмөн союздаш тапканына токтолгон.
"Батыштын мактанып келген биримдиги көз алдыбызда уроодо", — деп жазган автор.
Батыштын Россияны обочолотуу аракетинен майнап чыкпаганын Казанда өткөн БРИКС саммити айгинеледи. Иш-чарага 32 мамлекеттин делегациялары келген. Мындан тышкары, Россия өткөн жумада Иран жана Оман менен Индия океанында аскердик окуу-машыгууларын өткөргөнү маалым болду.
Эскерте кетсек, БРИКС саммити Казань шаарында 22-24-октябрь күндөрү өткөн.
БРИКС — 2006-жылы түптөлгөн мамлекеттер аралык уюм. Россия 2024-жылдын 1-январынан баштап бирикмеге төрагалык кылууда. Бул убакыт аралыгында уюмдагы Россия, Бразилия, Индия, Кытай жана Түштүк Африкага Египет, Эфиопия, Иран, БАЭ жана Сауд Арабиясы кошулган.