Кыргызстанда ата-энеси мигрант болгон 86 миң бала туугандарынын кароосунда

Sputnik
БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Быйылкы жылдын тогуз айында ата-энеси мигрант болгон 86 миңден ашык бала аныкталып, көзөмөлгө алынды. Бул тууралуу Эмгек министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, балдар туугандарынын камкордугуна калтырылган. 72 миң баланын (83,7 пайыз) ата-энеси өлкөдөн чыгып кеткен.
Тогуз ай аралыгында жалпысынан 296 миңден ашуун үй-бүлөлүк текшерүүлөр уюштурулган. Максаты — балдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук учурларын алдын алуу жана аныктоо.
Радио
Министрлик: балдарын кароосуз калтырган ата-энелер айыпка жыгылат