Аба акробатикасы боюнча дүйнө биринчилигинде КР спортчулары үч алтын алышты

Sputnik
БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Аба акробатикасы боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандык спортчулар үч алтын жана үч күмүш байге багындырышты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти кабарлады.
1 / 3

Аба акробатикасы боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандык спортчулар үч алтын жана үч күмүш байге багындырышты

2 / 3

Маалыматка ылайык, мелдеш 23-27-октябрь күндөрү Швециянын Упсала шаарында өткөн

3 / 3

Ага 27 өлкөдөн 600дөн ашуун спортчу катышкан

Маалыматка ылайык, мелдеш 23-27-октябрь күндөрү Швециянын Упсала шаарында өтүп, ага 27 өлкөдөн 600дөн ашуун спортчу катышкан.
Анда спорттук пилон боюнча Анастасия Ференц, аба шакеги менен оюн көрсөтүүдө Бегимай Болотова жана Гүлбара Болотова (жаңы дүйнөлүк рекорд менен) алтын жеңген. Ал эми ушул эле спорттун топтук аткаруусунда Гүлбара Болотова, Бегимай Болотова, Талья Айдарова күмүш багындырган.
Спортчу кыздар Яна Сивирина жана Кристина Орозумбекованын жетекчилиги алдында мелдешке катышканы айтылды.
Айсулуу Тыныбекова Аялдар күрөшү боюнча федерациянын вице-президенти болду