Кыргызстан Кытайдан келе турган туристтик топтор үчүн визасыз режим киргизди

Байсалов иш сапарынын алкагында бир катар ишкананы кыдырып чыккан.
Sputnik
БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Кыргызстан Кытайдан келе турган туристтик топтор үчүн визасыз режим киргизди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди.
Өкмөттүн маалымат кызматы Байсалов Кытайда өтүп жаткан "Кытай — Борбордук Азия" 11-кызматташтык форумунун алкагында өлкөнүн Элдик саясий консультациялык кеңешинин Бүткүл кытайлык комитетинин төрагасынын орун басары, Бүткүл кытайлык аялдар федерациясынын төрайымы Шэнь Юэюэ менен жолугушканын кабарлаган.
Байсалов эки өлкөнүн лидерлеринин жетекчилиги астында Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк жигердүү өнүгүп, эки тараптуу кызматташууну тереңдетүүнүн кезектеги этабы болуп саналарын белгилеген.
"Байсалов Кыргызстан Кытайдан келе турган туристтик топтор үчүн 21 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизилгендигин билдирди. Бул чара элдик дипломатия тармагындагы кызматташтыкты өркүндөтөт жана Кыргызстандын бүгүнкү күндө эң популярдуу туристтик рыногу үчүн жагымдуулугун жогорулатат", — деп айтылат маалыматта.
Тараптар Чүй облусу менен Нинся-Хуэй автономдуу районунун, ошондой эле Бишкек жана Иньчуань шаарларынын ортосундагы боордоштук мамилелердин алкагында кызматташуу акыркы жылдары жигердүү өнүгүп жатканын белгилешти.
Мындан тышкары, Нинся-Хуэй автономдуу районуна болгон жумуш сапарынын алкагында Байсалов жаңы технологияларды колдонуу менен айыл чарба тармагындагы бир катар ири ишканаларды, көмүр жана химиялык өнөр жай, анын ичинде алдыңкы технологияларды колдонуу менен суутек өндүрүү, ошондой эле инфраструктуралык долбоорлорду өнүктүрүүнүн ыкмалары менен таанышканы айтылды.
Байсалов: Кыргызстандын тагдыры жакырчылыкка байланган эмес