ЖКда пенсиядагыларды тоскоолдуксуз иштен алууга укук берүү зарылдыгы айтылды

Sputnik
БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңеште пенсияга чыгып иштеп жүргөндөрдү тоскоолдуксуз жумуштан алуу сунушталды.
Эмгек кодексинин долбоорун талкуулоо учурунда депутат Кундузбек Сулайманов айрым мекемелерде 80 жаштагы адамдар иштеп жатканын белгилеп, иш берүүчүлөргө пенсионерлерди жумуштан кетирүүгө укук берүүнү сунуштады.
"Пенсия курагына жеттиби, андан кийинки кадрларды жумуш менен камсыз кылалы. Жетекчи мыйзам чегинде кол алдындагы пенсионерлерди жумуштан кетире албай жатат. Кетирсе да алар соттошуп, кайра келип алууда. Андан да бош жүргөн күндөрү үчүн компенсация төлөттүрүп жатат", — деди эл өкүлү.
Буга утурлай, Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти Чолпонкул Арабаев бул маселе орчундуу экенине токтолду. Анын айтымында, академияда дагы пенсия курагындагылар жаштарга орун бошотпой келет.
"Эмгек келишимин бузуу деген тизмеге "ден соолугуна байланыштуу" деп кошулуптур. Ошого эле "пенсия курагына жеткендигине байланыштуу" деп кошууну карасак", — деди Арабаев.
Эмгек министрлигинин өкүлү учурда жетекчилер жамааттык келишим аркылуу жаш курактык чектөөлөрдү коюуга укуктуу экенин айтты.
Эмгек кодексине аномалдуу ысыкта иш күнүн кыскартууну киргизүү сунушталды