ИИМ: кыз зордуктап качып кеткен УКТ мүчөсү Египеттен кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Египетте Казак каймана аты бар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал Каирде Интерпол тарабынан кармалган.
"43 жаштагы Казак өткөн жылдын жайында шериктери менен 25 жаштагы кызды алдап унаага отургузуп, Оштогу мейманканалардын биринде зордуктаган. Кылмыштын оордугуна карабастан, сот аны үй камагына чыгарып жиберген. Кийин шектүү из жашырып, Интерпол аркылуу издөөгө алынган", — деп айтылат ИИМдин маалыматында.
Министрлик шектүүнү экстрадициялоо маселеси каралып жатканын кошумчалады.
Сокулукта төрт киши бир адамды сабап, ал качып баратканда унаа коюп кеткен