Мастарды айдоо укугунан ажыратуунун ордуна айып салуу сунушталды

Sputnik
БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Мас болуп рулга отургандарды айдоочулук күбөлүктөн ажыратуунун ордуна айып салуу сунушталды. Мыйзам долбоорун депутат Эрнис Айдаралиев демилгелеп, коомдук талкууга чыгарды.
Депутат айдоочулук күбөлүктөн ажыратууга караганда ири айып салуу жакшы натыйжа берерин белгилеген.
"Былтыр 7 810 жаран мас абалында унаа айдап, айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылган. Алардын ичинен бир жылга айдоочулук укугунан ажыратылган 1 577 айдоочу рулга отуруп, укук бузганы аныкталган. Бул маалыматтар айдоочулардын өздөрүнүн жана жол кыймылынын катышуучуларынын өмүрү үчүн жоопкерчилигин сезбей турганын көрсөтөт", — деп айтылат мыйзам долбоордун негиздемесинде.
Мындан улам мас абалда унаа айдаган жарандарга 100 миң сом, юридикалык жактарга 200 миң сом айып салуу сунушталууда.
Жогорку Кеңеш велосипед жана скутерлерге тротуарда жүрүүгө тыюу салууну сунуштады