БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Аба ырайына байланыштуу "Сосновка" постунда жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, чектөө Бишкек — Ош унаа жолунун бул тилкесинде тыгындарды алдын алуу максатында түндө киргизилген. Ал аба ырайы жана климаттык шарттар жакшырганда алып салынат.