Айсулуу Тыныбекова: бир аз тыныгуудан кийин килем үстүнө кайтып келем

Sputnik
БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Айсулуу Тыныбекова бир аз тыныгуудан кийин килем үстүнө кайтып келе турганын соцбаракчасына жазды.
Ал Кыргызстандын Аялдар күрөшү боюнча федерациясынын вице-президенти болуп шайланганын эске салган.
"Бул жөн гана жаңы кызмат эмес — Кыргызстандагы кыз-келиндер күрөшүнө байланышкан кыялдарымды жана пландарымды ишке ашыруу үчүн мүмкүнчүлүк. Тажрыйбам жана колдооңуздар менен спортчуларды шыктандырып, туура жолго сала алам деп ишенем. Алардын профессионалдык өсүшүнө шарт түзүп, командалык духубузду бекемдей алам. Кыз-келиндер күрөшүнүн чоң потенциалы бар жана биз биргеликте мындан да көп ийгиликтерге жетишип, күчтүү жана максаттуу чемпиондордун жаңы муунун тарбиялайбыз деп ишенем. Ошондой эле мен спортто каларымды айткым келет. Бир аз тыныгуудан кийин килемге кайтып келип, өлкөбүз үчүн мелдешти улантам", — деп жазды ал соцтармактагы баракчасына.
Буга чейин ал спорттогу карьерасын жыйынтыктоо боюнча суроого "бир аз тыным алып, анан жооп кылам" деген болчу.
Олимпиада оюндары — 2024
"Кечирим да сурабаңыз". Президенттин Айсулуу Тыныбекованы куттуктаган видеосу