Жумуш учурунда каза болгондорго бирдей компенсация төлөө сунушталды

Эмгек кодексинин долбоорунда иштеп жатып каза болгон учурда орточо айлык акынын 20 эселенген өлчөмүндө акча төлөө каралган.
Sputnik
БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Жумуш учурунда каза болгондорго бирдей компенсация төлөө сунушталып жатканын Эмгек кодексинин долбоору боюнча парламенттик угууда депутат Айбек Маткеримов билдирди.
Анын айтымында, жумуш учурунда каза болгондордун компенсациясын адилеттүү чегерүү зарыл.
"Иш учурунда каза болгондорго компенсация боюнча көп сөз айтылып келет. Каза болгондо баары бирдей эле көмүлөт. Же эмне көп айлык алгандар башкача, аз алгандар башкача көмүлөбү? Көп болсо келген адамдардан айырма болот чыгар. Ошондуктан алган айлыгына карабастан бирдиктүү сумма койсо болбойбу? Бирөө 3 миң айлык алса, 60 миң сом компенсация, көп алгандардыкы миллиондоп кетет экен. Жок дегенде өлгөндө теңдик болсунчу деген ой да", — деди эл өкүлү.
Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министринин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев бул сунуш карала турганын билдирди.
Эмгек кодексинин долбоорунда жумушта каза болгон учурда орточо айлык акынын 20 эселенген өлчөмүндө акча төлөө каралган.
Өкмөт медиктерге төлөнүүчү компенсациялык төлөмдөрдү бекитти