Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

АКШда Европанын Украинадан улам катуу кооптонгон жагдайы айтылды

Гезиттеги маалымат боюнча, Европа өлкөлөрүндө Украинага аскерий жардам көрсөтүүгө ыктагандардын саны азайып, ал эми колдоо көрсөтүүнү токтотууга чакырган саясий күчтөрдүн таасири улам артып барат.
Sputnik
БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Европалык лидерлердин Украинага "керектүү мезгилге чейин жардам берүү" убадасына карабай колдоо алсырап баратат, буга ички чарчоодон тарта Дональд Трамптын кайтып келүү мүмкүнчүлүгүнө чейинки божомолдор себеп. Бул тууралуу Washington Post гезити жазды.
"Европалыктардын "керектүү мезгилге чейинки жардамы" күчүндө болгону менен континенттин бир катар лидерлери, саясатчылары убакыт өткөн сайын колдоо оор болуп бара жатканын моюндашууда", — деп айтылат макалада.
Автор европалык лидерлер Украинага байланыштуу кадам таштоодон мурун АКШдагы президенттик шайлоонун жыйынтыгын күтүп жатышканын белгилеген.
Гезиттеги маалымат боюнча, Европа өлкөлөрүндө Украинага аскерий жардам көрсөтүүгө ыктагандардын саны азайып, ал эми колдоо көрсөтүүнү токтотууга чакырган саясий күчтөрдүн таасири улам артып барат.
Ал арада Кремль Украинага курал-жарак ташуу Россия-Украина сүйлөшүүлөрүн илгерилетпей турганын эскертип келет.
Казандагы БРИКС саммити
Кытайда Путиндин жеңиши тууралуу айтылды