29-октябрга карата аба ырайы

29-октябрга караган түнү жамгыр жаап, карга айланышы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. 29-октябрь, шейшембиде, өлкөнүн айрым аймактарында жамгыр, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүй жана Талас аймагында +5...+10, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +9...+14, Ысык-Көл дубанында +5...+10, Нарын өрөөнүндө +3...+8 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаада +6…+8, Ош шаарында +11...+13 градуска көтөрүлөт.
Жуманын башы жаанчыл болот. Бир жумага карата аба ырайы