От жана темир арасындагы жашоо – 18 жашында ширетүүчүлүк боюнча өлкө чемпиону болгон жигит

Sputnik
Ширетүүчүлүк учурда көп суроо-талапка ээ болгон кесип. Анткени бардык курулуштар, татаал түзүлүштөгү керемет көпүрөлөр, транспорт жада калса үй-буюмдарына чейин ширетүүчү каражаттын жардамы менен даярдалат.
“Стимул” программасынын бул чыгарылышында бул кесиптин оош-кыйышы тууралуу маек курдук. Берүүнүн коногу башталгыч кесипке үйрөткөн окуу жайлардын студенттеринин ортосундагы ширетүүчүлүк боюнча өткөн өлкө биринчилигинин жеңүүчүсү, дүйнөлүк мелдештин катышуучусу Элдар Бакиров.