БРИКС саммити - дүйнө көп полярдуулукка өткөнүн көрсөттү

Sputnik
22-24-октябрь аралыгы РФнын Казань шаарында БРИКС эл аралык уюмунун XVI саммити болуп өттү. Ага 20дан аз эмес мамлекет башчылары келип катышышты. Курамына учурда тогуз мамлекет кирген БРИКСке 40 тан ашуун өлкө мүчөлүккө өтүүгө арыз беришкен. Кыска убакытта, чагылгандай тездик менен чоңоюп бараткан уюмга 13 өлкө өнөктөш мамлекет деген статуска ээ болушту. Муну менен БРИКС – дүйнөдө көп полярдуулуктун башталганын агийнеледи. Эмне үчүн мамлекеттер БРИКСтин айланасына чогулууда? Быйылкы саммитте төрагалык кылган Россия БРИКСтин өзөгү бойдон калабы? Уюмдун башка эл аралык бирикмелер менен иштешүүдөгү ийкемдүү саясаты эмнеликтен Батыштын кыжырын кайнатууда?
Биз бул суроолордун алкагында “Экономикалык панорама” программасында баарлаштык.