Бишкекте карт дарактар көп, аларды жашартуу үчүн кандай иштер аткарылып жатат?

Sputnik
Бир убакта “жашыл шаар” атка конгон Бишкекте бак-дарактар жыл өткөн сайын азайып жатканы айтылып келет. Ошондой эле шамал болсо дарак кулаган учурлар да көп катталууда. Муну менен бирге Бишкек шаары улам өзгөрүп, бийиктеп, кеңейип жатат. “Ачык кеп” программасынын бул чыгарылышында тынбай өсүп жаткан борбор калаа менен кошо бак-дарактардын дагы аянты кеңейип жатабы? Саны канча, сапаты кандай? деген суроолорго жооп издедик.
Студиянын бул жолку коногу «Бишкек шаарынын жашылдандыруу курулуш» муниципалдык ишканасынын, маркетинг, сатуу жана инвестиция тартуу бөлүмүнүн башчысы Жаныбек Жумалиев.