10-11 жаштагы балдар арасында да синтетикалык баңги заттарга көз карандуулук катталган. Өспүрүмдөрдүн азгырылуусу чочулатат

Sputnik
Акыркы учурда балдар баңгилиги көбөйүп жатканы коомчулукту да тынчсыздандырууда. Күчтүү таасир этүүчү дарыларды рецептсиз сатууга каршы да рейддер жүргүзүлүп келет. “Ачык кеп” программасынын алкагында ИИМдин жана Республикалык психиатрия жана наркология борборунун дарыгери чакырылды. Өспүрүмдөрдү синтетикалык баңги заттардан сакайтуу, алдын алуу жаатында мамлекеттик программа барбы? Кандай профилактикалык иштер жасалууда? Өспүрүмдөрдүн аралашуусунун негизги себеби? Психотроптук таасири күчтүү дарыларды дарыканадан кантип алышууда?Балдар баңги сатууга кандай жолдор менен аралашып калууда?деген өңдүү суроолор менен меймандарга бир катар суроолорду узаттык.
Нарколог синтетикалык баңги колдонгон балдардын арасында 10-11 жаштагы балдар да кездешкенин айтты.