Бишкекте E-Commerce EXPO – 2024 форуму өтөт — ата мекендик маркетплейстер, жаңы мыйзам

Sputnik
27-октябрда Бишкекте борбор азиялык E-Commerce EXPO - 2024 форуму өтөт. Иш-чараны Экономика жана коммерция министрлиги жана Кыргызстандын электрондук коммерция ассоциациясы уюштурууда. Төртүнчү ирет өтүп жаткан форумда электрондук соода жана электрондук бизнес чөйрөсүндөгү актуалдуу маселелер тулкууланды. Өлкөнүн бул багыттагы жаңылыктары тууралуу Кыргызстандын электрондук коммерция ассоциациясынын президенти Айбек Күрөңкеев маалымат берди.