Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Sputnik
Кыргызстандын калкы карылыктын босогосунда турат. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат. Билдирмеге ылайык, Улуттук статистика комитети БУУнун маалыматына таянып, 65 жана андан жогорку курактагы мекендештердин санын эсептеп чыккан: Ага ылайык: ▪️калктын 4%дан азыраагы — жаштар ▪️4%дан 7%га чейин — карылык алдында тургандар ▪️7%дан жогору — карылар Жыл башындагы статистика боюнча, калктын 5,7%ын карылар түзгөн. БУУнун божомолуна таянсак, 2030-жылы бул көрсөткүч 7%га жетери күтүлүүдө.
Бир суткада 73 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, ЖКККББ жол унаа кырсыктарынын алдын алуу жана коомдук коопсуздукту камсыздоо максатында дем алыш күндөрүнүн соңунда өлкө аймагында “Бахус” аталышында рейд өткөргөн. Анын алкагында бир суткада жол эрежелерин бузган 4352 айдоочуну аныкталган. Анын ичинен 73 айдоочу мас абалында унаа башкарып бара жатып кармалса, 88 айдоочу унааны тийиштүү докумменттери жок башкарып бара жатып кармалган. Рейддин натыйжасында, 234 авто унаа айып короого токтотулган.
“Арстанбап жаңгагы” деген брендди дүйнөгө таанытуу аракети көрүлүүдө. Бул тууралуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, аймактык бренддерди колдоо максатында президенттин облустардагы өкүлдөрү менен “Интеллектуалдык менчик чөйрөсүн өнүктүрүүнү колдоо максатында өз ара аракеттенүү жөнүндөгү” эки тараптуу макулдашууга кол коюлган. Анын негизинде Кыргызпатенттин кызматкерлери облустарда интеллектуалдык менчик объектилерин каттоого өтүнмө берүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. Бул иштердин алкагында Кыргызпатентке Арстанбап жапайы жаңгагын географиялык көрсөтмө катары каттоого өтүнмө келип түшкөн. Аны “Артсанбап жапайы жаңгагы” географиялык көрсөтмөсүн башкаруу Ассоциациясы берген.
Россия аймагына сокку урууга уруксат берүү НАТОнун Россия менен түздөн-түз согушуусун билдирет деген сөзүн Батыш угарына үмүт артат. Бул тууралуу президент Владимир Путин Павел Зарубинге берген маегинде айткан. "Сөзүңүздү Батыш укту деп ойлойсузбу" деген суроого Путин "мага эч ким эч нерсе айткан жок" деп жооп кайтарып, укту деп ишенгиси келерин билдирген. "Бул жерде кеп алардын сукку урууга уруксат берер-бербеси тууралуу болуп жаткан жок. Украин армиясы бул куралды өз алдынча колдоно албайт, ага дарамети жетпейт. Аны НАТОнун офицерлери гана иштете алат. Россиянын тереңине сокку ура турган куралды пайдалануу үчүн космостук чалгын керек, Украинада ал жок. Бул жерде маселе алардын өздөрүнө өздөрү ушундай уруксатты берер-бербеси тууралуу болууда. Албетте, биз тийиштүү чараларды көрөбүз", — деген Путин. Ал Россиянын Коргоо министрлиги Россиянын аймагына жасалышы мүмкүн деген соккуларга жооп кайтаруунун ар кандай варианттарын иштеп чыгып, сунуштап жатканын кошумчалады. Президент Батыштын