Радио

Бишкекте лифт тарифи көтөрүлүп, жыл соңуна чейин 100ү жаңыланат

"Бишкек шаар лифт" муниципалдык ишканасынын директору Майрамбек Саманчиев көп кабаттуу турак үйлөрдүн лифт жабдууларын техникалык тейлөөгө акы 8,31 сомго жогорулаганын айтты.
Sputnik
"Бишкек лифт" ишканасынын карамагында жалпы 966 лифт бар. Анын 562си муниципалдык болсо, 404ү — менчик. Бул тууралуу Майрамбек Саманчиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, баш калаада лифтилердин 70 пайызынын эскилиги жеткен.

"Ишкана быйыл борбордогу жалпы 100 лифтини алмаштырууну пландаган. Жумуш апрель айында башталды. Бүгүнкү күндө 48 лифт алмаштырылып, пайдаланууга берилди. Ал эми 12синде жумуштар бүткөнү турат. Калганын ушул жылдын аягына чейин жаңылоого аракет кылып жатабыз. Буга чейин ишкананын бюджетине жараша жылына 15-20дан эле лифт алмаштырылчу. Былтыртан баштап 100дөн лифт жаңылап жатабыз. Муниципалдык лифтилерди алмаштырууга, оңдоп-түздөөдөн өткөрүүгө каражат Бишкек шаарынын бюджетинен бөлүнөт. Жүргүнчү лифтилеринин стандарттык иштөө мөөнөтү 25 жыл, капиталдык оңдоодон өткөрүү менен мөөнөтү узартылат. Мөөнөтү бүткөндө жана техникалык абалына байланыштуу токтотулуп, иштен чыгарылууга тийиш. Алмаштыруу иштери Бишкек шаардык кеңешинин 2010-жылдын 29-мартындагы №170 жобосунун негизинде жүргүзүлөт. Ушул жылдын 1-августунан баштап көп кабаттуу турак үйлөрдүн лифт жабдууларын техникалык тейлөөгө (эксплуатациялоону уюштурууну, утурумдук оңдоону, авариялык тейлөөнү, диспетчердик көзөмөлдү камтыган) тариф айына 8,31 сомго жогорулады", — деди Саманчиев.

Ал ошондой эле төрт жыл ичинде Бишкектеги бардык эскирген лифтилер заманбап жаңы жабдууларга алмаштырыларын кошумчалады.