Мыктыбек Оролбай уулунун беттеши UFC турниринин мыкты кармашы деп табылды

ЖМКлар калыстардын чечими көрүүчүлөрдүн нааразычылыгын жаратканын жазууда.
Sputnik
БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Кыргызстандык спортчу Мыктыбек Оролбай уулу UFC 308 беттешинде польшалык атаандашы Матеуш Ребецкиге утулуп калды. Деген менен Абу-Дабиде өткөн бул таймаш турнирдин эң мыкты беттеши деп табылганын аталган уюм билдирди.
Эки спортчу тең эми акчалай сыйлык алышат.
Бүйүр кызыткан беттеште экөө тең жаракат алган. Оролбай уулунун мурду сынып, кармаштын жарымын шишиген көзү менен өткөрдү. Калыстар жеңишти көпчүлүк добуш менен Ребецкиге ыйгарган.
ЖМКлар чечим көрүүчүлөрдүн нааразычылыгын жаратканын жазууда. Мындан тышкары, соцтармак колдонуучулары жеңиш Оролбай уулуна берилиши керек эле деген комментарийлерди калтырууда.
Бул — кыргызстандык спортчунун UFC уюмунда өткөргөн үчүнчү беттеши жана биринчи жеңилүү ызасы. Оролбай уулу буга чейинки эки таймашын жеңиш менен аяктаган.
Раззак Бейшекеевдин дүйнө чемпионатында тарых жараткан ирмемдери. Видео